Бишкек, 23.09.26. /Кабар/. 2027-жылдагы ажылык сапарына баруучулар үчүн бирдиктүү форма тиктирүү боюнча конкурстун жеңүүчүсү аныкталды. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, ажылыкты уюштуруу комиссиясы тарабынан ажылык сапарына баруучулар үчүн бирдиктүү жайкы кемселди (жилет) даярдоо боюнча өткөрүлгөн чынактын жыйынтыгы чыгарылды.
Тандоонун жыйынтыгында жеке ишкер Байымбет Акматов жеңүүчүсү деп табылды.
Белгилей кетсек, бирдиктүү форма ажылык сапарынын жүрүшүндө зыяратчылардын уюшкандыгын камсыздоого жана аларды айырмалоого көмөк көрсөтөт.