Сауд Аравия ажылык учурундагы мыйзам бузуулар үчүн жазаны күчөттү

Дүйнө Загрузка... 27 Май 2025 17:30
WhatsApp_Image_2025_F8BiJkm.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon www

Бишкек, 27.05.25. /Кабар/. Сауд Аравия ажылыктын эрежелерин так сактоону дагы бир жолу эскертип, мыйзам бузгандарга кошумча жазаларды киргизди. Бул тууралуу Al Jazeera агенттиги Падышалыктын ички иштер министрлигине шилтеме берүү менен билдирди.

Бүгүндөн тарта Зул-Када айынын 1-күнүнөн баштап, Зуль-хиджа айынын 14-күнүнүн аягына чейин Меккеге жана башка ыйык жерлерге мыйзамсыз кирүү аракети үчүн күчөтүлгөн көзөмөл жана жазалоо чаралары күчүнө кирди.

Негизги чаралар жана жазалар:

  • Ажылык үчүн арналбаган виза ээлерин ыйык жерлерге ташыган адамдарга 100 000 сауд риалына чейин (болжол менен 26 600 АКШ доллары) айып пул салынат;
  • Эгерде тартип бузуу далилденсе, транспорт каражаты укук бузуучуга же анын шериктешине таандык болсо, конфискацияланышы мүмкүн;
  • Расмий уруксатсыз ажылыкка барууга аракет кылгандар үчүн 20 000 риалга чейин (болжол менен 5 332 доллар) айып салынат;
  • Зыяратчылар депортацияланып, Сауд Аравиясына 10 жылга кирүүсүнө чектөө коюлат.

Ички иштер министрлиги бул чаралар Меккеге кирүүгө же ажылыкка атайын уруксаты жок тыюу салынган мөөнөттө калууга аракет кылган бардык визанын ээлерине тиешелүү экенин баса белгиледи.

Сауд Аравиянын бийлиги өлкөнүн бардык жарандарын жана тургундарын ажылыктын белгиленген эрежелерин так сактоого жана диний ырым-жырымдарды өткөрүүдө зыяратчылардын коопсуздугун, тартибин жана ыңгайлуулугун камсыз кылуу максатында мыйзам бузуулар тууралуу билдирүүгө чакырды.