Тажикстан 18 жашка чейинкилердин эмгек миграциясына тыюу салды

Борбор Азия
Тажикстан 18 жашка чейинкилердин эмгек миграциясына тыюу салды
copyright icon www

Кундуз Азарбекова

Бардык материалдар

Бишкек, 29.10.26. /Кабар/. Тажикстанда чет өлкөдө иштөөнү пландап жаткан жарандар үчүн минималдуу жаш куракты белгилеген мыйзам расмий түрдө күчүнө кирди. Жаңы эрежелерге ылайык, эмгек миграциясына 18 жаштан баштап гана уруксат берилет. Мыйзам парламенттик "Садои Мардум" гезитинде жарыяланганын жергиликтүү маалымат каражаттары билдирүүдө.

Жаңы мыйзамдын 16-беренесинде жаш курагынын чеги гана эмес, ошондой эле кабыл алуучу өлкө үчүн талап да белгиленген. Эмгек миграциясына мигранттардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого кепилдик берген өлкөлөргө гана уруксат кылынат. Мындай кепилдиктер Тажикстан менен жумуш берүүчү мамлекеттин ортосундагы эл аралык же эки тараптуу келишимдерде бекитилиши керек.

Жаш курагы боюнча талап Тажикстанга иштөө үчүн келген чет элдиктерге да тиешелүү.

Мындан сырткары, мыйзам чет өлкөдө жумушка орношуунун эки жолун камсыз кылат. Биринчиси, өз алдынча жумуш издөө. Бул учурда ыйгарым укуктуу миграция органы жарандарга толук маалыматты акысыз берүүгө милдеттүү. Алар бош орундар, эмгек акынын деңгээли, иштөө шарттары, жумуш берүүчүнүн талаптары, ошондой эле бара турган өлкөнүн эрежелери жана мыйзамдары жөнүндө билиши керек.

Экинчиси, расмий түрдө ыйгарым укуктуу агенттиктер жана башка уюмдар аркылуу уюшкандыкта жумуш табуу.