Бишкек, 20.10.26 /Кабар/. Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев ТүркПАнын үлгүлүү мыйзамдарынын бирдиктүү электрондук реестрин түзүүнү жана алардын аткарылышы боюнча аналитикалык баяндамаларды даярдоону сунуштады. Бул тууралуу ал Бишкекте өтүп жаткан ТүркПАнын XV пленардык жыйынында билдирди.
Анын айтымында, ЖК толугу менен электрондук документ жүгүртүүгө өтүп, жасалма интеллектти активдүү киргизүүдө. Алсак, аудио кайрылуулар автоматтык түрдө текстке айландырылып, мыйзам долбоорлорундагы карама-каршылыктарды аныктоочу системалар иштелип чыгууда. Ошол эле учурда төрага жасалма интеллект адамдын ордун алмаштырбашы керектигин баса белгиледи.
Маматалиев ТүркПА тарабынан даярдалган үлгүлүү мыйзамдар мүчө мамлекеттердин улуттук мыйзамдарына киргизилиши жана иш жүзүндө колдонулушу зарылдыгын айтып, парламенттер аралык тажрыйба алмашууну кеңейтүүгө чакырды.