"Бишкекжылуулукэнерго" ишканасынын кызматкерлери жаңы формалуу болушту

Коом 4 февраль 2025 11:50
"Бишкекжылуулукэнерго" ишканасынын кызматкерлери жаңы формалуу болушту
copyright icon Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы

Бишкек, 04.02.25. /Кабар/. “Бишкекжылуулукэнерго” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери жаңы кышкы форма менен камсыз болушту. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ишкананын ар бир кызматкерине кышкы күрмө, өтүк жана тиешелүү белгилери бар костюм шымдар берилди.

Белгилей кетсек, ишкананын жетекчилиги жамааттык келишимге ылайык милдеттерин аткаруу менен жумушчуларга кам көрүүдө.