Бишкектеги Киев көчөсү толук реконструкцияланат

Коом
Бишкектеги Киев көчөсү толук реконструкцияланат

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 03.11.26. /Кабар/. Бишкек шаарындагы Киев көчөсү 2027-жылдан тартып пилоттук долбоордун алкагында толук реконструкциядан өтүп, электробустар жүргөн заманбап жашыл көчөгө айланат. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин директорунун орун басары Максат Жумабаев "Биринчи радионун" түз эфиринде билдирди.

Анын айтымында, долбоордун алкагында көчөдө жөө жүргүнчүлөр, велосипед жана скутер сыяктуу жеке мобилдүү каражаттар үчүн өзүнчө тилкелер каралат. Ошондой эле коомдук транспорттун кыймылы электробустарга ылайыкташтырылып, заманбап жашыл көчө уюштурулат.

Ал эми учурда Киев көчөсүндө убактылуу оңдоо иштери жүрүп жатканы маалымдалды. Тактап айтканда, жолдогу чуңкурлар толтурулуп, бузулган жерлери жамалууда.