Бишкек, 03.11.26./ Кабар/. Бишкектин үч конушунда 5-ноябрда суу болбойт.
Муниципалитеттен билдиришкендей, 5-ноябрда саат 09:00дөн 17:00гө чейин Ак-Жар, Ак-Бата жана Келечек конуштарында суу берүү убактылуу токтотулат.
Белгиленгендей, суу берүү “Ак-Жар” жана “Ак-Бата” суу топтомолорунда жана шаардык суу түтүк тармактарында профилактикалык оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу токтотулмакчы.