Эртең 7-кичи райондо суу болбойт

Коом
Эртең 7-кичи райондо суу болбойт
copyright icon www

Бишкек, 02.11.26. /Кабар/. Эртең, 3-ноябрда 7-кичи райондо суу болбойт.

Бишкек мэриясынан билдиришкендей, эртең 10:00дөн 22:00гө чейин 7-кичи райондогу № 33, 34, 34/1, 35, 36, 37, 38, 38/1, 39, 40, 41, 43, 5Б үйлөрдө суу берүү токтотулат.

Суу берүү диаметри 100 мм болгон суу түтүгүндө оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу токтотулмакчы.

Бишкек мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана жашоочуларды, уюмдарды ичүүчү сууну алдын ала камдап коюуну суранат.