Бишкек, 02.11.26. /Кабар/. Бүгүн, 2-ноябрда Бишкек шаарынын мэриясынын "Тунгуч" залында Маданият кызматкерлеринин күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара өттү.
Муниципалитеттен билдиришкендей, иш-чарага катышкан шаар мэри Айбек Жунушалиев маданият өкүлдөрүн кесиптик майрамы менен куттуктап, калаанын руханий өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди.
Айбек Жунушалиев мэрия маданият объекттерин калыбына келтирүү жана жаңылоо боюнча ырааттуу иштерди жүргүзүп жатканын белгилеп өттү. Иш-чаранын алкагында тармактын бир катар мыкты кызматкерлерине Бишкек шаарынын мэриясынын Ардак грамоталары жана ыраазычылык каттары тапшырылды.
Салтанат майрамдык концерт менен коштолуп, анда Кыргыз Республикасынын эл артисттери Алтынай Нарбаева, Бакыт Ыбыкеев, эмгек сиңирген артист Каныкей Раймалиева, Алтынай Асанбекова, "Семетей" жана "Кыргыз-Руху" ансамблдери өнөр тартуулашты.
Маалымат үчүн: Бишкек шаарынын мэриясынын Маданият башкармалыгынын тутумунда 1 500дөн ашуун кызматкер эмгектенет. Башкармалыкка 7 маданият үйү, А. Умуралиев атындагы драма театры, 39 китепкана, 9 балдар искусство мектеби, 8 музей жана 17 чыгармачыл жамаат карайт.