Бишкек, 17.11.26. /Кабар/. Турмуштук оор кырдаалга кабылган балдарды колдоо "Акниет" борборунун тарбиялануучулары белгилүү скульптор Ольга Мануйлованын мемориалдык үй-музейинде экскурсияга барышты.
Мэриядан билдиришкендей, экскурсия учурунда балдар музейдин экспонаттарын кызыгуу менен көрүп чыгышты. Анда атайын кызматкерлер таланттуу скульптордун өмүр жолу, анын эмгектери жана кыргыз өлкөсүнүн искусствосунун өнүгүшүнө кошкон салымы тууралуу кенен айтып беришти.
Ошондой эле музейдеги байыркы балбал таштар темасына өзгөчө көңүл бурулуп, балдар түрк элдеринин тарыхый-маданий мурасынын бул эстеликтеринин келип чыгышы жана мааниси менен таанышты.
Иш-чаранын максаты — балдардын тарыхка, маданий мурадарга жана искусствого болгон кызыгуусун арттыруу.