Эртең Бишкектин конуштарында суу өчөт

Коом
Эртең Бишкектин конуштарында суу өчөт
Эртең Бишкектин конуштарында суу өчөт
Алдыга
Артка
Эртең Бишкектин конуштарында суу өчөт
Эртең Бишкектин конуштарында суу өчөт
Алдыга
Артка

Бишкек, 19.11.26. /Кабар/. Бишкектин айрым жерлеринде суу өчөт.

Муниципалитеттен билдиришкендей, 20-ноябрда саат 08:00дөн 20:00гө чейин Алтын-Ордо, Кара-Жыгач жана Полиция  шаарчасы  конуштарындагы турак үйлөргө, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү уюмдарына, саламаттык сактоо мекемелерине, ошондой эле башка социалдык-тиричилик жана өнөр жай объектилерине ичүүчү суу берүү убактылуу токтотулат.

Суу берүү токтотула турган аймак Достоевский, Анкара, Ауэзов көчөлөрү жана темир жол линиясы менен чектелет.

Суу берүү "Контррезервуары" суу топтомосунда  трансформатордук көмөк чордондун реконструкциялоо иштерине байланыштуу токтотулат.