Иманалы Айдарбеков көчөсүндөгү бульвар толук жаңыланды

Коом
Иманалы Айдарбеков көчөсүндөгү бульвар толук жаңыланды
copyright icon www

Бишкек, 02.11.26. /Кабар/. Бишкекте Иманалы Айдарбеков атындагы көчөдөгү бульварда масштабдуу реконструкциялоо иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жалпысынан 60 миң чарчы метрге жакын аймак көрктөндүрүлүп, 39,5 миң чарчы метр тротуар төшөлдү. Ошондой эле 16,2 чакырым сугат арыктары жаңыланды.

Жаңы жарыктандыруу мамылары, отургучтар жана таштанды челектери орнотулду. Балдар аянтчалары, воркаут менен машыгуу зоналары жана иттерди сейилдетүү үчүн атайын аянтча курулду.

Мындан тышкары, сугат системасы жаңыланып, үч фонтан жана алты ичүүчү суу фонтаны оңдолду. Майыптыгы бар жарандар үчүн пандустар орнотулду.