Бишкек, 02.11.26. /Кабар/. Бишкек шаарында эки көчө оңдоодон кийин пайдаланууга берилди.
Муниципалитеттен билдиришкендей, Купянская көчөсүнүн Гагарин көчөсүнөн Космическая көчөсүнө чейинки бөлүгүндө, ошондой эле Космическая көчөсүнүн Д. Садырбаев көчөсүнөн Репин көчөсүнө чейинки бөлүгүндө жол куруу иштери аяктап, жолдор пайдаланууга берилди.
Курулган жол тилкелеринин жалпы узундугу 1 585 метрди түзөт.
Долбоорду ишке ашыруу тургундар үчүн ыңгайлуу жана коопсуз жүрүү шарттарын түзүүгө, ошондой эле райондун жол-транспорттук инфраструктурасын жакшыртууга багытталган.