Бишкек, 05.10.26. /Кабар/. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы тарабынан 2026-жылдын 25-сентябрынан 1-октябрына чейин өлкө аймагында алдын ала маалымат боюнча 25 591 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды.
Анын ичинен:
- тиешелүү документтери жок транспорт каражатын башкаруу — 4 592;
- транспорт каражатын мас абалында башкаруу — 355;
- унаалардын айнектерин мыйзамсыз караңгылатуу — 191;
- жөө жүргүнчүлөр тарабынан жол эрежелерин бузуу — 1 325;
- транспорт каражаттарын пайдалануу эрежелерин бузуу — 5 241;
- автоээнбаштык — 31;
- белгиленген ылдамдыктан ашыруу — 1 127;
- жасалма мамлекеттик каттоо номердик белгилери менен транспорт каражатын башкаруу — 7;
- жол эрежелерин бузуунун башка түрлөрү — 1 241.
Жол эрежелерин ар кандай бузгандыгы үчүн 2 591 транспорт каражаты убактылуу айып короого киргизилди.