Бишкек, 09.11.26. /Кабар/. Өлкө аймагында бир апта ичинде 21 миң 812 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, жол эрежесин бузуу фактысы 30-октябрдан 5-ноябрга чейин катталган.
Алардын ичинен:
- Тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу - 632;
- Мас абалында авто транспорт каражатын башкаруу - 368;
- Авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу - 293;
- Жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар - 538;
- Транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу -1 055;
- Авто ээнбаштык - 26;
- Белгиленген ылдамдыктан ашуу - 924;
- Жалган мамлекеттик номери менен унаа башкаруу - 6;
- Башка жол эрежелерин бузуу фактылары - 15 582;
- Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 2 388 авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.