Бишкек, 13.10.26. /Кабар/. 2-октябрдан 8-октябрга чейин өлкө аймагында алдын ала маалымат боюнча, 23 365 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, анын ичинен:
- тиешелүү документтери жок унаа башкаруу – 4 710;
- мас абалында унаа башкаруу – 362;
- унаанын айнегин мыйзамсыз караңгылатуу – 238;
- жөө жүргүнчүлөрдүн катышуусундагы жол кыймылынын эрежелерин бузуу – 978;
- унааны пайдалануу эрежелерин бузуу – 5 412;
- автоээнбаштык – 44;
- белгиленген ылдамдыкты жогорулатуу – 1 244;
- жасалма мамлекеттик каттоо номердик белгилери менен транспорт каражатын башкаруу – 6;
- жол кыймылынын башка эрежелерин бузуулар – 1 288.
Мындан тышкары, жол кыймылынын эрежелерин ар кандай бузгандыгы үчүн 2 731 транспорт каражаты убактылуу айып короосуна токтотулду.