Байкаңыз! Автобустар үчүн бөлүнгөн тилкеде айдасаңыз, айып пул төлөйсүз

Коом
Байкаңыз! Автобустар үчүн бөлүнгөн тилкеде айдасаңыз, айып пул төлөйсүз
copyright icon Бишкек шаарынын мэриясы

Бишкек, 17.11.26. /Кабар/. Бишкекте коомдук транспорт үчүн бөлүнгөн атайын тилкелерге мыйзамсыз чыккан айдоочуларга карата рейд өткөрүлүп, 94 административдик протокол түзүлдү.

Муниципалитеттин маалыматына ылайык, рейд 10-12-ноябрь күндөрү Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаменти тарабынан жүргүзүлдү.

Иш-чаранын жүрүшүндө жол эрежелерин бузган айдоочуларга Укук бузуулар жөнүндө кодекстин 188-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык чара көрүлдү.

Белгиленгендей, атайын тилкелер автобустардын жол тыгынына карабастан өз убагында жүрүүсү үчүн каралган. Жеке унаалардын бул тилкелерди ээлеши коомдук транспорттун каттам графигинин бузулушуна алып келет.

Рейддер мындан ары да улантылат. Айдоочуларды жол кыймылынын эрежелерин сактоого чакырышат.