Айдоочулардын эсине! Чүйдө жолдор тайгак болушу мүмкүн

Аймак
Айдоочулардын эсине! Чүйдө жолдор тайгак болушу мүмкүн
copyright icon WWW

Бишкек, 11.11.26. /Кабар/. Аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө байланыштуу Чүй облусундагы жолдордо жана тоо этектеринде жаан-чачын, кар жаашы күтүлүүдө.

Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришкендей, жаан-чачындан улам жолдор тайгак болуп, айдоочулар үчүн кооптуу жагдайлар жаралышы мүмкүн.

Ушуга байланыштуу милиция кызматкерлери айдоочуларды ылдамдыкты азайтып, жол кыймылынын эрежелерин так сактоого жана өзгөчө сак болууга чакырат.