Бишкек, 25.11.26 /Кабар/. "Газпром Кыргызстан" компаниясы абоненттерди ай сайын 15инен 30уна чейин газ эсептегичтердин көрсөткүчтөрүн жөнөтүп турууга чакырат.
Компаниянын маалыматына караганда, газ колдонулбаган учурда да көрсөткүчтөрдү берүү зарыл.
Көрсөткүчтөр өз убагында берилбесе, төлөм орточо айлык керектөөгө жараша эсептелет. Ал эми үч айдан ашык убакыт жөнөтүлбөсө, газ акысы белгиленген ченемдер боюнча эсептелип, төлөмдүн суммасы иш жүзүндөгү керектөөдөн жогору болушу мүмкүн.
Эгерде абонент газды убактылуу колдонбой турган болсо, бул тууралуу компанияга алдын ала билдириши керек. Көрсөткүчтөрдү "Мой газ" тиркемеси, gazprom.kg сайтындагы жеке кабинет, 4444 кыска номери, WhatsApp жана Telegram-бот аркылуу жөнөтүүгө болот.
Абоненттер эсептегичтердин көрсөткүчтөрүн төмөнкү жолдор менен жөнөтө алышат:
- "Мой газ" мобилдик тиркемеси аркылуу;
- gazprom.kg сайтындагы жеке кабинет аркылуу;
- 4444 кыска номери аркылуу;
- 0701 68-07-07 WhatsApp номери аркылуу;
- @gazpromkg_bot Telegram-боту аркылуу.