Унаа токтотуу акысын төлөбөгөндөр жоопкерчиликке тартылат – мэрия

Коом
Унаа токтотуу акысын төлөбөгөндөр жоопкерчиликке тартылат – мэрия
copyright icon WWW

Бишкек, 14.11.26 /Кабар/. Бишкек шаарындагы муниципалдык унаа токтотуучу жайларда унаа токтотуучу орундарды пайдалануу фактыларын фото жана видео аркылуу каттоо иштери сыноо режиминде жүргүзүлүүдө.

Муниципалитеттин билдирүүсүнө ылайык, жаңы ыкма унаа токтотуучу жайлардын ишинин ачыктыгын жогорулатууга жана белгиленген эрежелердин сакталышын камсыз кылууга багытталган.

Буга байланыштуу мэрия автоунаа ээлеринен унаа токтотуу үчүн төлөмдү өз убагында жүргүзүүнү жана белгиленген эрежелерди сактоону өтүндү.

Ошондой эле унаа токтотуу акысын төлөбөгөндүгү үчүн мыйзамга ылайык айып пул түрүндө жоопкерчилик каралганы эскертилди.

Муниципалитет шаар тургундарын жана борбор калаанын конокторун жаңы көзөмөл ыкмасына түшүнүү менен мамиле кылууга, шаардык инфраструктураны пайдаланууда жоопкерчиликтүү болууга чакырды.