Кышында өрттүн алдын алуу үчүн эмнелерди эске алуу керек?

Коом
Кышында өрттүн алдын алуу үчүн эмнелерди эске алуу керек?
copyright icon ӨКМ

Бишкек, 27.11.26. /Кабар/. Кыш мезгилинде жылытуучу шаймандарды жана мештерди туура эмес колдонуудан улам турак жайларда өрт чыгуу коркунучу жогорулайт. Ушуга байланыштуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жарандарды өрт коопсуздугунун эрежелерин сактоого чакырды.

Ведомствонун маалыматына ылайык, электр жылыткычтарын кароосуз калтырбоо жана электр тармактарына ашыкча күч келтирбөө зарыл. Ошондой эле мештердин жана морлордун жарактуу абалын үзгүлтүксүз текшерип туруу керек.

Мындан тышкары, балдарды от булагынын жанында кароосуз калтырбоо сунушталат.

ӨКМ өрт коопсуздугунун жөнөкөй эрежелерин сактоо адамдардын өмүрүн, ден соолугун жана мүлкүн коргоого жардам берерин белгиледи.

Өзгөчө кырдаал жаралган учурда 112 номерине чалуу керек.