Бишкек, 03.11.26. /Кабар/. Жыл башынан бери автобустар катышкан 521 жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу "Элден собол" берүүсүндө “Бишкек шаардык транспорт” муниципалдык ишканасынын 2-автобазасынын башкы инженери Бакыт Табалдиев билдирди.
Анын айтымында, коомдук транспорттун 244 айдоочусу күнөөлүү деп аныкталган.
272 жол кырсыгында автобустун айдоочусу эмес, экинчи тарап күнөөлүү болуп чыккан.