Автобустар катышкан кырсыктардын башкы себептери айтылды

Коом
Автобустар катышкан кырсыктардын башкы себептери айтылды
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 03.11.26. /Кабар/. Бишкекте акыркы убакта автобустардын катышуусунда үч ири жол кырсыгы катталган. Бул тууралуу "Элден собол" берүүсүндө “Бишкек шаардык транспорт” муниципалдык ишканасынын 2-автобазасынын башкы инженери Бакыт Табалдиев билдирди.

Анын айтымында, кырсыктардын келип чыгышына айдоочунун жоопкерчилиги жана унаа тыгыны да таасирин тийгизүүдө. Ошондой эле айдоочунун эс алуусу да башкы себептердин бири.

"Автобустардын катышуусунда болгон акыркы үч жол кырсыгын айтсак, алардын биринде автобустун айдоочусу күнөөлүү деп табылды. Дагы бир кырсык боюнча териштирүү иштери жүрүп жатат. Ал эми үчүнчү кырсыкта айдоочунун айтымында, буту тырышып калып, автобус арыкка кирип кеткен. Бул окуя боюнча экспертиза дайындалып, учурда анын жыйынтыгы чыга элек", — деди ал.

Табалдиев белгилегендей, ар бир айдоочу жумушка чыгардын алдында тийиштүү текшерүүлөрдөн өткөндөн кийин гана каттамга чыгат.