Бишкек, 03.11.26. /Кабар/. Жыл аягына чейин Бишкекке 100 автобус алып келүү пландалууда. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын Транспорт департаментинин коомдук транспортту уюштуруу бөлүмүнүн башчысы Бакыт Калыков “Элден собол” берүүсүндө билдирди.
Анын айтымында, узундугу 9 метрге чейин жеткен автобустарда бардык шарттар камтылып, кондиционери болот.
Калыков белгилегендей, бүгүнкү күндө борбор калаага административдик-аймактык реформанын негизинде кошулган калктуу конуштарды кошо эсептегенде жалпы 620 автобус керектелет.