Каршы тилке, ылдамдык: ЖКККББ жолдогу кооптуу учурларды көрсөттү

Коом 29 сентябрь 2026 17:15
copyright icon ЖКККББ

Бишкек, 29.09.26. /Кабар/. Жол кыймылынын эрежелерин одоно бузуу адам өмүрүнө коркунуч жаратып, оор кесепеттерге алып келиши мүмкүн. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы эскертти.

Мекеме жолдогу кооптуу учурларды чагылдырган видео жарыялап, анда айдоочулардын каршы тилкеге чыгып кеткени, ылдамдыкты ашырганы жана жол белгилерин сактабаганы көрсөтүлгөн.

"Ар бир эреже бузуу жол кырсыгына жана адам өмүрүнө коркунуч жаратышы мүмкүн", - деп айтылат маалыматта.

ЖКККББ айдоочуларды жол эрежелерин так сактоого, ылдамдыкты белгиленген чектен ашырбоого жана жол кыймылынын башка катышуучуларынын коопсуздугун эске алууга чакырды.