Бишкек, 09.11.26. /Кабар/. Кыргызстанда жарандык авиация тармагындагы жөнгө салуу процесстерин санариптештирүүгө багытталган EMPIC-EAP системасын ишке киргизүү боюнча иштер уланууда.
Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин маалыматына караганда, агенттикте EMPIC компаниясынын өкүлүнүн катышуусунда практикалык семинар жана окуу тренингдери өттү.

Окутуунун жүрүшүндө авиациялык персоналды лицензиялоо боюнча PEL (Personnel Licensing) модулунун мүмкүнчүлүктөрү, аны колдонуу жана ишке киргизүү жолдору каралды.