Мамлекеттик автомектептерге 70 жаңы унаа тапшырылды

Коом
bb373694-bd27-419b-924a-4f849543a9fe.jpeg
63cd3540-e40f-41cf-a04e-86b010f472f7.jpeg
Алдыга
Артка
bb373694-bd27-419b-924a-4f849543a9fe.jpeg
63cd3540-e40f-41cf-a04e-86b010f472f7.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин Иш башкармалыгы

Бишкек, 06.11.26. /Кабар/. Чүй облусунун Сокулук районунун Ак-Жол айылында мамлекеттик автомектептерге 70 жаңы автоунаанын ачкычы тапшырылды. Бул тууралуу президенттин Иш башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, унаалар “В” категориясы боюнча айдоочулардын практикалык сабактарында колдонулат.

Президенттин Иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев белгилегендей, президенттин тапшырмасы менен автомектептердин материалдык-техникалык базасы чыңдалып, талаптарга жооп берген жаңы окуу имараттары жана автодромдор курулууда.

“Ош шаарында жаңы автодром ачылды. Бишкекте да жаңы автодром ачууга даярдык жүрүп жатат”, - деди ал.

Автомектептерде окуу 10 айга созулат. Даярдыгы жетиштүү курсанттарга төрт айдан кийин экзамен тапшырууга мүмкүнчүлүк берилет.

Туманбаевдин айтымында, төрт айдан кийин эле экзамен тапшыргандардын жарымы ийгиликтүү тапшырып жатат.

Экзамендин жүрүшү башынан аягына чейин аудио жана видеого жазылып, жасалма интеллект системасы аркылуу да көзөмөлдөнөт. Бул талапкерлердин билимин калыс баалоого жана сырттан кийлигишүүгө жол бербөөгө жардам берет.