Бишкектеги тыгын: күн сайын 200 миңге чейин унаа кирип-чыгат

Коом 30 сентябрь 2026 19:00
Бишкектеги тыгын: күн сайын 200 миңге чейин унаа кирип-чыгат
copyright icon KABAR Кабар

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек шаарында транспорттук тыгын жылдан-жылга күчөп, жолдордогу унаалардын саны шаардык инфраструктуранын учурдагы өткөрүү мүмкүнчүлүгүнөн ашып жатат. Буга шаарда катталган унаалардын санынын көбөйүшү менен катар күн сайын аймактардан борбор калаага кирип-чыккан унаалардын агымы да себеп болууда.

Транспорттук көйгөйдү чечүү үчүн жолдорду кеңейтүү менен гана чектелбестен, көпүрөлөрдү жана жол түйүндөрүн куруу, коомдук транспортту өнүктүрүү жана жол кыймылын башкаруунун заманбап системаларын киргизүү зарыл. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт департаментинин бөлүм башчысы Сталбек Токоев билдирди.

Унаалардын саны өсүүдө

Анын айтымында, учурда Бишкек шаарында 500 миңден ашык унаа катталган. Мындан тышкары, шаарга күн сайын аймактардан орточо 150–200 миңге чейин унаа кирип-чыгат.

Бул көрсөткүч борбор калаадагы транспорттук агымдын шаарда катталган унаалар менен гана чектелбей турганын көрсөтөт. Бишкекке күн сайын иштөө, окуу, кызмат көрсөтүү жана башка себептер менен келгендердин унаалары да жолдордогу жалпы жүктөмдү көбөйтүүдө.

“Шаардык жол инфраструктурасынын учурдагы өткөрүү жөндөмдүүлүгү болжол менен 200–250 миң унаага эсептелген. Унаалардын санынын өсүшү жолдорго болгон жүктөмдүн көбөйүшүнө, анын негизинде транспорттук тыгындардын күчөшүнө алып келүүдө”, — деди Сталбек Токоев.

Унаалардын саны көбөйгөн сайын жолдордун өткөрүү мүмкүнчүлүгү жетишсиз болуп, айрым көчөлөрдө жана кесилиштерде транспорттун кыймылы жайлап жатат. Мындай шартта бир гана жаңы жол салуу эмес, учурдагы инфраструктуранын мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу да маанилүү болуп калууда.

Жол инфраструктурасын кеңейтүү зарыл

Токоевдин айтымында, учурдагы шартта негизги милдеттердин бири — шаардык транспорттук инфраструктураны комплекстүү өнүктүрүү жана анын өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу.

Бул багытта жолдорду кеңейтүү жана реабилитациялоо, көпүрөлөрдү жана жол түйүндөрүн куруу, светофордук объектилерди модернизациялоо, ошондой эле жол кыймылын башкаруунун заманбап системаларын киргизүү зарыл.

“Негизги милдеттердин бири — шаардык транспорттук инфраструктураны комплекстүү өнүктүрүү жана анын өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу. Бул үчүн жолдорду кеңейтүү жана реабилитациялоо, көпүрөлөрдү жана жол түйүндөрүн куруу, светофордук объектилерди модернизациялоо, жол кыймылын башкаруунун заманбап системаларын киргизүү жана башка инфраструктуралык иштерди жүргүзүү зарыл”, — деди бөлүм башчы.

Коомдук транспортту да өнүктүрүү керек

Бишкектеги транспорттук көйгөйдү чечүүдө коомдук транспорттун сапатын жогорулатуу дагы маанилүү багыттардын бири болуп саналат. Коомдук транспорт шаар тургундары үчүн ыңгайлуу, жеткиликтүү жана үзгүлтүксүз иштеген шартта жеке унааны колдонуу зарылдыгы да азайышы мүмкүн.

Ошондуктан транспорттук инфраструктураны өнүктүрүүдө автобустар жана башка коомдук транспорт каражаттары үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү, каттамдардын ишин жакшыртуу жана жүргүнчүлөр үчүн тейлөөнүн сапатын жогорулатуу маселелери да эске алынууга тийиш.

Токоев транспорттук көйгөйдү системалуу чечүү үчүн жол инфраструктурасын өнүктүрүү менен коомдук транспортту жакшыртуу иштери бир багытта жүргүзүлүшү керектигин белгиледи.

“Транспорттук көйгөйлөрдү системалуу чечүү үчүн жол инфраструктурасын өнүктүрүү менен катар коомдук транспорттун сапатын жогорулатуу жана жол кыймылын натыйжалуу уюштуруу боюнча комплекстүү чараларды ишке ашыруу маанилүү”, — деди бөлүм башчы.