Рейд жүрүүдө: Автобуска жол кире төлөбөгөндөргө чара көрүлөт

Коом
887784906_1820364789209181_1765271875774892346_n.jpg
855545152_1375103611368135_9167444019573612285_n.jpg
885451284_1003524918726516_4511529397725444236_n.jpg
889811290_2584270932047886_4802371418414051149_n.jpg
891099225_1475302681184755_1213931028661088986_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Бишкек шаарынын мэриясы

Бишкек, 05.11.26. /Кабар/. Бишкекте автобустарда жол кире төлөбөгөн жүргүнчүлөрдү аныктоо жана коомдук транспорттун ишин көзөмөлдөө боюнча рейддер өткөрүлүүдө. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Текшерүүлөр 4-6-ноябрь күндөрү шаардагы аялдамаларда жана автобус каттамдарында жүргүзүлүүдө. Рейддер эртең менен саат 07:00дөн 10:00гө чейин жана кечинде 17:00дөн 20:00гө чейин өтөт.

Анда жүргүнчүлөрдүн жол кирени төлөө тартиби, накталай эмес төлөм системасынын иштеши, автобустардын техникалык абалы жана айдоочулардын каттам графигин сактоосу текшерилүүдө.

Ишкана жол кирени төлөбөгөн учурлар аныкталса, тиешелүү чаралар көрүлөрүн эскертти. Ошондой эле жүргүнчүлөрдү жол кирени толук жана өз убагында төлөөгө чакырды.