Бишкек, 04.11.26. /Кабар/. Кыргызстан 2030-жылга чейин балдарга жана улгайган адамдарга кам көрүү системасын өнүктүрүү боюнча төрт артыкчылыктуу багытты сунуштады. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.
Демилге 2-ноябрда Молдовада өткөн Европа жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн "Инклюзивдүү экономикалык өсүш, гендердик теңчилик жана кам көрүү системаларына инвестиция салуу" аттуу эл аралык форумунда тааныштырылды.
Министрдин орун басары Аида Исатбек кызы белгилегендей, негизги багыттар — сапаттуу кам көрүү кызматтарын, өзгөчө айыл жана алыскы аймактарда кеңейтүү, кызматкерлердин эмгек шарттарын жакшыртуу, каржылоо булактарын тартуу жана кам көрүү маселелерин мамлекеттик программаларга киргизүү.
Ошондой эле үй-бүлөдөгү кам көрүү милдеттерин аялдар менен эркектердин ортосунда тең бөлүштүрүүгө көңүл бурулат.
Аймактык программа 2030-жылга чейин ишке ашып, ага 16 өлкө катышат. Долбоор тажрыйба алмашууну жана социалдык саясатты жакшыртууну камтыйт.