Красноречка жана Панфилов мектеп-интернаттары каттоодон өттү

Коом
WhatsApp Image 2026-10-28 at 13.29.57.jpeg
WhatsApp Image 2026-10-28 at 13.29.56.jpeg
WhatsApp Image 2026-10-28 at 13.29.57 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-10-28 at 13.29.58.jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2026-10-28 at 13.29.57.jpeg
WhatsApp Image 2026-10-28 at 13.29.56.jpeg
WhatsApp Image 2026-10-28 at 13.29.57 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-10-28 at 13.29.58.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Эмгек министрлиги

Бишкек, 28.10.26. /Кабар/. Кыргызстанда Красноречка атайын жалпы билим берүүчү мектеп-интернаты жана К. Тилебаев атындагы Панфилов мектеп-интернаты аккредитациядан өттү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, комиссия мекемелердин ишмердүүлүгүн, балдардын жашоо жана багуу шарттарын, ошондой эле көрсөтүлүүчү кызматтардын белгиленген талаптарга шайкештигин баалаган. Анын жыйынтыгында эки мекемеге тең аккредитациядан өткөндүгү тууралуу күбөлүк берүү чечими кабыл алынган.

Аккредитация балдардын укуктарын коргоого жана алар үчүн тийиштүү шарттарды түзүүгө багытталган.