Бишкек, 30.10.26. /Кабар/. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде өлкөгө кайтып келген мигранттарды колдоо жана алардын ишкердик менен алектенүүсүнө шарт түзүү маселелери талкууланды.
Ведомстводон маалымдашкандай, 29-октябрда өткөн жолугушууга Эл аралык жеке ишкердик борборунун (CIPE) Европа жана Евразия боюнча директору Наталия Оцел Белан жана АКШнын Мамлекеттик департаментинин өкүлү Адам Тибо катышты.
Тараптар 2026-2030-жылдарга карата кайтып келген мигранттарды реинтеграциялоо программасын ишке ашыруудагы кызматташтыкты талкуулашты. Ошондой эле Борбор Азиядагы миграция жана ишкердик программасынын (CAMEP) алкагындагы мүмкүнчүлүктөр каралды.
Аталган программа мигранттардын ишкердик демилгелерин колдоо жана алардын экономикага кайра аралашуусуна көмөк көрсөтүүгө багытталган.