Бишкек, 05.11.26. /Кабар/. Кыргызстанда 1-декабрдан тартып аскер кызматчыларынын жана күч түзүмдөрүнүн кызматкерлеринин акчалай камсыздоосу, ошондой эле аскер пенсионерлеринин пенсиясы жогорулайт. Бул тууралуу Коргоо министрлиги маалымдады.
Президенттин жарлыгына ылайык, аскер пенсионерлеринин пенсиясы кызмат өтөгөн жылдарына жана акчалай камсыздоосунун эсепке алынуучу бөлүктөрүнө жараша 5,5 миң сомдон 13 миң сомго чейин көбөйөт.
Мындан тышкары, аскер пенсионерлерине кошумча социалдык жеңилдиктерди берүү каралууда. Тактап айтканда, Ош шаарында алар үчүн коомдук транспортто акысыз жүрүү укугу 1-октябрдан тартып киргизилген.
Ал эми Бишкекте мындай жеңилдикти 2027-жылдын 1-январынан тартып киргизүү маселеси шаардык кеңеште каралууда.
Сунушталган жеңилдик жалпы белгиленген пенсия курагына жеткен аскер жана укук коргоо органдарынын пенсионерлерине тиешелүү болот. Эркектер үчүн пенсия курагы 63, аялдар үчүн 58 жашты түзөт.