Бишкек, 02.11.26 /Кабар/. Кыргызстандын Агартуу министрлиги пенсия курагындагы мугалимдерди массалык түрдө иштен бошотууну пландабайт жана жаш курагына карата дискриминация саясатын жүргүзбөйт. Бул тууралуу министрликтен социалдык тармактарда улуу муундагы мугалимдердин эмгек ишмердүүлүгүнө байланыштуу жарыяланган маалыматтарга карата билдиришти.
Министрликтин маалыматына ылайык, билим берүү тармагындагы бардык чечимдер КР Конституциясынын, эмгек мыйзамдарынын, ошондой эле Эл аралык эмгек уюмунун принциптерин камтыган эл аралык ченемдердин жана милдеттенмелердин талаптарына ылайык кабыл алынат.
"Министрлик билим берүү системасын өнүктүрүүгө, жаш муундарды тарбиялоого жана квалификациялуу кадрларды даярдоого көп жылдар бою баа жеткис салым кошуп келе жаткан улуу муундагы педагогдорго терең урмат-сый менен мамиле кылат.
Учурда өлкөнүн билим берүү уюмдарында пенсия курагындагы 15 миңге жакын педагог эмгектенет. Алардын кесиптик тажрыйбасы, билими жана өз ишине берилгендиги улуттук билим берүү системасынын маанилүү ресурсу болуп саналат. Ошол эле учурда билим берүү тармагында комплекстүү жана олуттуу мамилени талап кылган айрым кадрдык маселелер бар экенин белгилей кетүү зарыл. Бул, айрыкча, айрым аймактарга жана билим берүү уюмдарына тиешелүү", — деп айтылат маалыматта.
Белгиленгендей, мугалимдердин эмгек акысы жогорулагандан кийин билим берүү уюмдарында иштөөгө кызыкдар адамдардын саны, анын ичинде жаш адистердин кызыгуусу өстү.
Ушуга байланыштуу министрлик жаш адистерди тартуу менен тажрыйбалуу педагогдордун кесиптик чеберчилигин колдонунун ортосундагы тең салмактуулукту камсыз кылууга багытталган кадр саясатынын ар кандай ийкемдүү механизмдерин карап жатат. Мында пенсия курагындагы мугалимдерди массалык түрдө жумуштан бошотуу маселеси каралган эмес.
"Тескерисинче, алардын кесиптик тажрыйбасын натыйжалуу пайдалануу мүмкүнчүлүктөрү изилденүүдө. Анын ичинде насаатчылык кылуу, жаш мугалимдерге усулдук жактан колдоо көрсөтүү, педагог-ассистент жана консультант катары иштөө, ошондой эле башка билим берүү программаларына катышуу мүмкүнчүлүктөрү бар.
Эмгекти уюштуруунун мүмкүн болгон механизмдери, анын ичинде педагогикалык жүктөмдү ийкемдүү бөлүштүрүү жана кесиптик ишмердүүлүккө катышуунун жаңы формалары талкуулоо баскычында турат. Алар колдонуудагы мыйзамдардын талаптарын, педагогдордун кызыкчылыктарын жана билим берүү уюмдарынын муктаждыктарын эске алуу менен кошумча изилдөөнү талап кылат", — деп белгилешти мекемеден.
Агартуу министрлиги педагогикалык коомчулук, кесиптик бирликтер, эксперттер жана коомчулук менен конструктивдүү диалог жүргүзүүгө даяр экенин билдирди. Бардык сунуштар социалдык адилеттүүлүк, бирдей мүмкүнчүлүктөр жана педагогикалык эмгекти урматтоо принциптеринин негизинде каралат.
Министрликтин башкы милдети — жаш жана тажрыйбалуу мугалимдерди бири-бирине каршы коюу эмес, алардын натыйжалуу кызматташуусуна, муундар ортосундагы кесиптик байланышты камсыз кылууга жана билим берүүнүн сапатын жогорулатууга шарт түзүү.
Агартуу министрлиги коомчулукту талкууланып жаткан демилгелер боюнча алдын ала тыянак чыгаруудан карманууга чакырды.
"Бир дагы педагог жаш курагына байланыштуу басмырлоого кабылбашы керек. Улуу муундун тажрыйбасы менен жаш адистердин күч-кубаты Кыргызстандын ар бир баласына сапаттуу билим берүү деген бирдиктүү максатка кызмат кылышы зарыл", — деп айтылат билдирүүдө.