Бишкек, 09.10.26. /Кабар/. Кыргызстандын билим берүүдөгү баалоо тажрыйбасы Түркиянын Денизли шаарында өтүп жаткан билим берүү жана психологиядагы өлчөө жана баалоо боюнча X эл аралык конгрессте тааныштырылууда. Бул тууралуу Агартуу министрлигинин Билим берүүнүн сапатын өнүктүрүү департаменти билдирди.
Маалыматка ылайык, 5–9-октябрда Памуккале университетинде өтүп жаткан конгресске Билим берүүнүн сапатын өнүктүрүү департаментинин тестология боюнча эксперти Зейнеп Жамакеева жана Тест жүргүзүүнүн технологиясы бөлүмүнүн адиси Самара Мамбетова катышууда.
Конгресстин алкагында “Түрк мамлекеттеринин сынак борборлорунда көндүмдөрдү жана жөндөмдөрдү баалоо” аттуу панелдик талкуу өттү. Анда кыргызстандык эксперт Зейнеп Жамакеева “Баалоо үчүн эмес, өнүктүрүү үчүн өлчөйбүз” деген темада баяндама жасады.
Конгрессте PISA, TIMSS жана PIRLS сыяктуу эл аралык изилдөөлөрдүн таасири, улуттук баалоо системаларын өркүндөтүү, билим берүү реформалары жана баалоонун ишенимдүүлүгүн камсыз кылуу маселелери да талкууланууда. Ошондой эле бардык окуучулар үчүн тең мүмкүнчүлүктөрдү түзгөн инклюзивдүү баалоо ыкмаларына өзгөчө көңүл бурулууда.