Бишкек, 02.11.26. /Кабар/. Түркия 1-ноябрдан тарта 15 жашка чейинки балдардын социалдык тармактарды колдонуусуна тыюу салды. Anadolu агенттигинин маалыматы боюнча, мындан ары колдонуучулардын жаш курагы милдеттүү түрдө текшерилет. Ал эми өспүрүмдөргө кошумча чектөөлөр колдонулат.

Жаңы эрежелер Түркияда жеткиликтүү болгон Instagram, TikTok, Facebook жана X сыяктуу социалдык платформаларга тиешелүү. Ага ылайык 15 жашка чейинки балдар мындан ары социалдык медиа аккаунттарын түзө алышпайт.
Учурдагы аккаунт ээлеринин жашын текшерүү 2027-жылдын 31-мартына чейин жүрөт. Эгер курагы туура келбесе активдүү профилдер акырындык менен жабылат.
Эң оболу социалдык медиада катталуу үчүн колдонуучулар e-Devlet мамлекеттик порталы аркылуу жашын текшериши керек. Андан соң система колдонуучунун жаш категориясын тастыктаган атайын санариптик токенди берет.

Бул арада 15 жаштан 17 жашка чейинки өспүрүмдөр үчүн социалдык медианы колдонуунун өзүнчө эрежелери киргизилди. Аккаунттар купуя болот, аларды жалпыга ачык кылуу мүмкүнчүлүгү жок. Мындан сырткары өспүрүм катталган колдонуучулар гана жеке билдирүүлөрдү жөнөтө алат жана түз эфирлерге тыюу салынат.
Мындан тышкары, соцтармактар ата-энелерге тиркемени колдонуу убактысын, аккаунт жөндөөлөрүн жана платформадагы сатып алууларды көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгүн бериши керек.
Түркияда убактылуу жүргөн чет элдиктер үчүн өзүнчө жол-жобо бекитилди. Алар паспортунун маалыматын берүү менен өкмөттүк портал аркылуу атайын санариптик токен ала алышат. Аларга жергиликтүү e-Devlet инсандыгын текшерүү процессинен өтүүнүн кажети жок.
Эгер платформалар жаңы талаптарды бузса санкцияларга кабылат. Түркиянын үй-бүлө жана социалдык кызматтар министри Махинур Өздемир Гөкташ өзгөртүүлөр балдарды онлайн коркунучтардан коргоого жана социалдык медиага көз карандылыктын алдын алууга багытталганын билдирди.