Садыр Жапаровдун Түркияга болгон иш сапары аяктады

Президент
IMG_4609.jpeg
IMG_4610.jpeg
IMG_4611.jpeg
IMG_4614.jpeg
IMG_4613.jpeg
IMG_4612.jpeg
IMG_4615.jpeg
IMG_4616.jpeg
IMG_4617.jpeg
IMG_4619.jpeg
IMG_4620.jpeg
IMG_4623.jpeg
IMG_4622.jpeg
IMG_4621.jpeg
Алдыга
Артка
IMG_4609.jpeg
IMG_4610.jpeg
IMG_4611.jpeg
IMG_4614.jpeg
IMG_4613.jpeg
IMG_4612.jpeg
IMG_4615.jpeg
IMG_4616.jpeg
IMG_4617.jpeg
IMG_4619.jpeg
IMG_4620.jpeg
IMG_4623.jpeg
IMG_4622.jpeg
IMG_4621.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 31.10.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаровдун 29-30-октябрда Түркияга болгон иш сапары аяктады.

Сапардын биринчи күнүндө мамлекет башчысы ТМУга мүчө өлкөлөрдүн лидерлери менен бирге Анкара шаарындагы “Бештепе” Түрк мамлекеттеринин цивилизациясы паркына барды.

Президенттер ТМУга мүчө өлкөлөр тарабынан орнотулган көркөм өнөр чыгармалары жана улуттук объектилер менен таанышты. Кыргызстан тарабынан паркта көчмөн маданияттын салттарын жана бүркүт менен аңчылык кылуу байыркы өнөрүн чагылдырган “Мураскер” скульптурасы коюлган.

Андан соң лидерлер бак отургузуу аземине катышып, уюмга мүчө өлкөлөрдүн улуттук маданий салттарына арналган концерттик программаны көрүштү.

Ошол эле күнү Садыр Жапаров Түрк дүйнөсүнүн жогорку ордени менен сыйланды. Мамлекет башчысына сыйлыкты Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган тапшырды. Сыйлоо жөнүндө чечим ТМУга мүчө мамлекеттердин башчылары тарабынан президенттин түрк дүйнөсүнүн биримдигин чыңдоого жана боордош өлкөлөрдүн ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө кошкон салымын таануу иретинде кабыл алынган.

30-октябрда Анкара шаарында Түрк мамлекеттер уюмунун мамлекет башчыларынын 13-саммити өтүп, ага Садыр Жапаров катышты.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө уюмдун алкагындагы кызматташтыктын артыкчылыктуу багыттарын белгилеп, соода-экономикалык байланыштарга, биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга, транспорттук-логистикалык инфраструктураны өнүктүрүүгө, санариптештирүүгө, билим берүүгө, туризмге жана тоо экосистемаларын коргоого өзгөчө көңүл бурду.

Саммиттин жыйынтыгы боюнча уюмга мүчө өлкөлөрдүн лидерлери бир катар көп тараптуу документтерге, анын ичинде ТМУнун 13-саммитинин декларациясына жана уюмдун башкаруучу органдарындагы кадрдык маселелер боюнча чечимдерге кол коюшту.

Ошондой эле мамлекет башчысы Түркиянын Президенти Режеп Тайып Эрдоган менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Түркияга болгон иш сапарын аяктаган президент Садыр Жапаров 30-октябрда Кыргызстанга кайтып келди.