Анталия, 12.11.26. /Кабар/. Түркиянын Анталия шаарында өтүп жаткан БУУнун Климаттын өзгөрүшү жөнүндө алкактык конвенциясына катышуучу Тараптардын 31-конференциясынын (COP31) алкагында “Тоо күн тартибин илгерилетүү: мөңгүлөр, криосфера жана глобалдык жылуулануу белгиленген чектен ашкан шартта туруктуулукту камсыз кылуу, жалпы жоопкерчилик жана туруктуу каржылоо” аттуу жогорку деңгээлдеги иш-чара өтүүдө.
Маалымдалгандай, тоолуу аймактардын туруктуулугун камсыздоо, мөңгүлөрдү жана криосфераны сактоо, ошондой эле климаттык демилгелерди каржылоо маселелерине арналган бул иш-чара Кыргызстан, Тажикстан, Пакистан, Бутан Падышалыгы жана Непал тарабынан биргелешип уюштурулууда.
Алгач сөз Министрлер кабинетинин төрага Адылбек Касымалиевге берилип, акыркы жылдары Кыргызстан эл аралык климаттык процесстердин алкагында бир топ олуттуу натыйжаларга жетишкендигин белгиледи.
Алар:
- ⁃ Климат боюнча тараптардын 28-конференциясында (COP-28) Кыргызстан Андорра менен биргеликте Тоо тобун түзүү демилгесин көтөргөн. Бүгүнкү күндө ага 11 мамлекет кирет.
- ⁃ Кыргызстандын демилгеси менен 2024-жылы Бонн шаарында тоолор жана климаттын өзгөрүшү боюнча биринчи Эксперттик диалог өткөрүлдү.
- ⁃ COP29 конференциясынын алкагында биз тоо маселелерин жана климаттын өзгөрүшүн БУУнун Климаттын өзгөрүшү боюнча алкактык конвенциясынын ишине интеграциялоо боюнча жогорку деңгээлдеги диалог уюштурулган. Ошондой эле 20дан ашуун мамлекет колдогон Тоолор, климаттын өзгөрүшү жана мөңгүлөр жөнүндө декларациясы илгерилетилгени кошумчаланды.
- ⁃ Ушул жылдын 12-июнунда Бонн шаарында өнөктөштөрүбүздүн колдоосу менен тоолор жана климаттын өзгөрүшү боюнча эл аралык диалог уюштурулган.
Белгилей кетсек, жогорку деңгээлдеги жолугушуунун негизги максаты — БУУнун Климаттын өзгөрүшү жөнүндө алкактык конвенциясынын алкагында тоолуу аймактардын кызыкчылыктарын илгерилетүү, тоолуу жамааттардын жана экосистемалардын климаттын өзгөрүшүнө туруктуулугун жогорулатуу, мөңгүлөрдү жана криосфераны сактоо боюнча саясий милдеттенмелерди бекемдөө, ошондой эле бул багыттарга эл аралык каржылоону тартуу.
Иш-чаранын алкагында климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу, жаратылыш кырсыктарынын тобокелдиктерин азайтуу жана эрте эскертүү системаларын өнүктүрүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулууда.
Белгиленгендей, тоолор жердин кургактык бетинин болжол менен 27 пайызын ээлейт. БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун маалыматына ылайык, тоолуу аймактар дүйнө калкынын жарымынан көбүн суу, энергия жана азык-түлүк менен камсыз кылат. Ошондой эле алардын туруктуулугу дарыялардын төмөнкү агымында жашаган миллиарддаган адамдарды кошкондо, 1,2 млрддан ашык адамдын суу, азык-түлүк жана энергетикалык коопсуздугу үчүн маанилүү.
Мындан тышкары, тоолор мөңгүлөр жана криосфера менен бирге дүйнөлүк климаттык жана гидрологиялык системалардын туруктуулугун камсыз кылууда өзгөчө роль ойнойт. Алар таза суу ресурстарын, айыл чарбасын, гидроэнергетиканы, экосистемаларды жана калктын жашоо каражаттарын колдойт. Ошол эле учурда тоолуу өлкөлөрдүн жана жамааттардын кызыкчылыктары глобалдык климаттык чечимдерди кабыл алуу процесстеринде жетиштүү деңгээлде эске алынбай келет.
Иш-чарада катышуучулар тарабынан белгиленгендей, тоолуу аймактар жана криосфера климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерине биринчи кезекте жана эң олуттуу дэңгээлде дуушар болгон аймактардын катарына кирет. Евразияда, Анд тоолорунда, Чыгыш Африкада жана Тынч океан аймагында мөңгүлөрдүн жана муз катмарларынын тез эриши, көп жылдык тоң катмарынын бузулушу жана климаттык зоналардын жылышы кооптуу деңгээлге жетти.
Жолугушууда климаттын өзгөрүшүнө каршы глобалдык чараларды күчөтүү, Париж келишимине ылайык парник газдарынын бөлүнүп чыгышын тездетилген тартипте кыскартуу зарылдыгы да каралууда. Мындан тышкары, көмүртектин бөлүнүп чыгышын азайтуу, токойлорду калыбына келтирүү жана экосистемаларды сактоо сыяктуу чаралар мөңгүлөрдү жана криосфераны коргоого өбөлгө түзөрү белгиленүүдө.
Иш-чаранын алкагында беш негизги багыт аныкталган. Алар климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу жана туруктуулукту жогорулатуу, климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерин жумшартуу, жоготуулар жана зыян маселелери, илимий изилдөөлөр жана мониторинг, ошондой эле тоолуу аймактардын күн тартибин БУУнун Климаттын өзгөрүшү жөнүндө алкактык конвенциясынын алкагында илгерилетүү.
Мындан тышкары, тоолуу аймактарда жана мөңгүлөргө көз каранды өлкөлөрдө климаттык иш-чараларды каржылоо, климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу, жаратылыш кырсыктарынын тобокелдиктерин азайтуу, илимий мониторинг жүргүзүү жана эрте эскертүү системаларын өнүктүрүү боюнча кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланууда.
Жолугушууга мамлекет жана өкмөт башчылары, эл аралык уюмдардын, жарандык коомдун, илимий чөйрөнүн, эл аралык каржы институттарынын жана технологиялык сектордун өкүлдөрү катышууда.