COP31: Касымалиев Лидерлер саммитинин ачылыш аземине катышты

Коом

Алдыга
Артка

copyright icon Кабар

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Анталия, 11.11.26. /Кабар/. Түркиянын Анталия шаарында БУУнун Климаттын өзгөрүшү жөнүндө алкактык конвенциясынын Тараптарынын 31-конференциясынын (COP31) алкагында өтүп жаткан Лидерлер саммитинин ачылыш аземине министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев катышты.

Иш-чара башталганга чейин Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган жана БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш менен саламдашуу жана биргелешип сүрөткө түшүү аземи өттү. Андан соң конференцияга катышып жаткан делегациялардын башчылары менен биргелешип сүрөткө түшүү аземи уюштурулду.

Лидерлер саммитине Кыргызстандын расмий өкүлдөрү президенттин тоо күн тартиби боюнча атайын өкүлү Динара Кемелова, жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Акыл Токтобаев жана Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев катышууда.

Белгилей кетсек, Лидерлер саммитине мамлекет жана өкмөт башчылары, ошондой эле эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышууда.

Эскерте кетсек, минкаб төрагасы Адылбек Касымалиев күн мурун БУУнун климаттын өзгөрүшү боюнча 31-конференциясына катышуу үчүн Түркияга иш сапары менен келген.