Анталия, 11.11.26. /Кабар/. Түркиянын Анталия шаарында өтүп жаткан БУУнун Климаттын өзгөрүшү боюнча алкактык конвенциясынын Тараптарынын 31-конференциясынын (COP31) алкагында Кыргызстандын улуттук павильону уюштурулду.
Маалымдалгандай, аянты 100 чарчы метрди түзгөн улуттук павильон Кыргызстандын эл аралык климаттык аянтчадагы мүмкүнчүлүктөрүн, экспорттук жана инвестициялык потенциалын, ошондой эле улуттук маданий мурастарын тааныштыруу максатында түзүлдү.
Павильон өлкөнүн климаттык күн тартибин жана туруктуу өнүгүү багытындагы демилгелерин жайылтуу, ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн продукцияларын көрсөтүү, эл аралык байланыштарды чыңдоо жана ишкердик кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн көп функционалдуу аянтча катары кызмат кылууда.
Улуттук павильон төрт негизги функционалдык бөлүктөн турат. Алар: сүйлөшүүлөрдү өткөрүүчү аймак, тематикалык иш-чаралар жана талкуулар үчүн аянтча, маданий зона жана дегустация бөлүгү.
Павильондун алкагында Кыргызстандын ата мекендик продукцияларын тааныштыруу, потенциалдуу импорттоочулар жана соода өнөктөштөрү менен жолугушууларды өткөрүү, климаттын өзгөрүшү жана туруктуу өнүгүү маселелери боюнча эксперттик талкууларды уюштуруу каралган.
Ошондой эле маданий зонада кыргыз элинин улуттук мурастары жана салттуу искусствосу көрсөтүлүп, дегустация бөлүгүндө кыргызстандык өндүрүүчүлөрдүн азык-түлүк продукцияларынын даамын татуу мүмкүнчүлүгү түзүлгөн.
Маалымдалгандай, БУУнун 31-конференциясы өтүп жаткан мезгилде улуттук павильон туруктуу иш алып баруучу презентациялык аянтча катары кызмат кылмакчы.