COP31: Түркияда БУУнун климаттын өзгөрүшү боюнча конференциясы өтүүдө

Экология

Алдыга
Артка

copyright icon Кабар

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Анталия, 11.11.26. /Кабар/. Түркиянын Анталия шаарында БУУнун Климаттын өзгөрүшү боюнча алкактык конвенциясынын Тараптарынын 31-конференциясы (COP31) өтүп жатат.

Маалым болгондой, конференцияга алты континенттен 95 өлкөнүн лидерлери жана жети эл аралык уюмдун өкүлдөрү катышууда. Жалпысынан саммитке БУУнун Климаттын өзгөрүшү боюнча алкактык конвенциясына катышуучу 196 мамлекеттин жана Европа биримдигинин өкүлдөрү чогулган.

COP31дин күн тартибине таза энергетикага өтүү, азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо, климаттын өзгөрүшүнө туруктуу шаарларды өнүктүрүү, жашыл индустриялаштыруу, калдыктарды кыскартуу, океандарды жана деңиздерди коргоо, ошондой эле саламаттык сактоо системаларынын туруктуулугун жогорулатуу маселелери кирген.

Саммиттин алкагында климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу, парник газдарынын бөлүнүп чыгышын кыскартуу, өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн климаттык программаларын каржылоо жана кызматкерлер менен жергиликтүү жамааттар үчүн адилеттүү өтүүнү камсыздоо боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлүүдө.

Ири эл аралык иш-чара Анталия шаарындагы 110 гектар аянтты ээлеген Antalya Expo Center көргөзмө борборунда уюштурулган. Конференциянын аймагында делегациялар үчүн 159 павильон жана 90 кеңсе каралган.

Иш-чараны чагылдыруу үчүн 31 өлкөдөн 4 миңге жакын журналист аккредитациядан өткөнү маалым. Ошондой эле 154 мамлекеттен 45 миңден ашык климаттык ыктыярчы каттоодон өткөнү кабарланды.

Конференциянын аймагы катышуучулардын ишмердүүлүгүнө жараша “Көк зона” жана “Жашыл зона” болуп экиге бөлүнгөн. “Көк зонада” расмий делегациялардын жолугушуулары, сүйлөшүүлөр жана негизги конференциялык иш-чаралар өткөрүлсө, “Жашыл зонада” коомчулукка арналган иш-чаралар, көргөзмөлөр жана климаттык демилгелер уюштурулууда. Уюштуруучулардын маалыматына ылайык, Түркия “Көк зонада” 100 миңге жакын катышуучуну, ал эми “Жашыл зонада” 1,5 миллионго жакын конокту кабыл алуу күтүлүүдө.

Эскерте кетсек, COP31 конференциясы 9-20-ноябрь күндөрү өтөт. Анын негизги иш-чаралары 11-12-ноябрга белгиленген. Белгилей кетсек, бул конференция Түркияда биринчи жолу өткөрүлүүдө.