COP31: Кыргызстан тоолуу өлкөлөрдүн айыл чарбасын өнүктүрүүнү сунуштады

Экономика

Алдыга
Артка

copyright icon Айыл чарба министрлиги

Бишкек, 11.11.26. /Кабар/. Кыргызстан 2027-2032-жылдарга карата "Тоолуу өлкөлөрдүн органикалык аймактары" аттуу эл аралык программаны иштеп чыгуу демилгесин көтөрдү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, демилге Анталияда өтүп жаткан БУУнун Климаттын өзгөрүшү жөнүндө алкактык конвенциясына катышуучу тараптардын 31-конференциясынын (COP31) алкагында сунушталды.

Демилге тоолуу мамлекеттердин, эл аралык уюмдардын, илимий коомчулуктун жана каржы институттарынын күч-аракеттерин бириктирип, органикалык айыл чарбасын өнүктүрүүгө жана климаттын өзгөрүшүнө туруктуулукту жогорулатууга багытталган.

Программанын алкагында тоолуу аймактарда пилоттук органикалык аймактарды түзүү, жердин асылдуулугун калыбына келтирүү, биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо, суу ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу жана климаттык мониторинг системасын иштеп чыгуу каралган. Ошондой эле эл аралык климаттык фонддордон жана инвестициялык институттардан каржы тартуу пландалууда.

Демилгени министрдин орун басары Мирбек Дүйшеев тааныштырып, Кыргызстандын органикалык айыл чарбасын өнүктүрүү боюнча мамлекеттик саясаты жана 2025-2029-жылдарга карата программасы тууралуу маалымат берди.

Иш-чаранын соңунда Кыргызстан эл аралык өнөктөштөрдү 2027-жылдын 21–23-октябрында Бишкекте өтө турган Экинчи глобалдык тоо саммитине — "Бишкек+25ке" катышууга чакырды.