Бишкек, 27.11.26. /Кабар/. АКШнын чыгыш аймактарында жүргөн бороондон улам 2900дөн ашык аба каттамы кечиктирилип же жокко чыгарылган. Бул туурасында эл аралык маалымат каражаттары билдиришүүдө.
26-ноябрда АКШда 2 миң 462 каттам кечиктирилип, дагы 459 каттам жокко чыгарылган. Бороон АКШда аба жүргүнчүлөрү эң көп каттаган күндөрдүн бири - Ыраазычылык күнүндө болгон.
Бир күн мурун Нью-Йорк жана Нью-Джерси шаарларында катуу жаан-чачын жана шамал күтүлүп жаткандыктан өзгөчө кырдаал жарыяланган.