Бишкек, 27.11.26. /Кабар/. Финляндиянын Министрлер кабинети мигранттарды кабыл албоого мүмкүндүк берген чек ара коопсуздугу мыйзамын 2028-жылдын 31-декабрына чейин узартууну сунуштады. Бул тууралуу ТАСС Финляндиянын Ички иштер министрлигине шилтеме менен билдирди.
"Финляндияга миграцияга каршы күрөшүүгө жардам берген чек ара коопсуздугу мыйзамы эки жылга, 2028-жылдын 31-декабрына чейин узартылат. Президент өкмөттүн сунушун жума күнү, 27-ноябрда бекитүүнү пландап жатат. Мыйзам 1-декабрда күчүнө кирет", - деп айтылат билдирүүдө.