Азербайжанда Каспий деңизинин суусун туздан арылтуу боюнча завод курулат

Дүйнө
Азербайжанда Каспий деңизинин суусун туздан арылтуу боюнча завод курулат
copyright icon www

Кундуз Азарбекова

Бардык материалдар

Бишкек, 27.11.26. /Кабар/. Азия өнүктүрүү банкы Азербайжанда Каспий деңизинин суусун тузсуздандыруу боюнча заводду куруу үчүн 165 млн доллар бөлөт. Долбоордун жалпы наркы 407 млн долларга бааланууда, деп билдирет Казинформ агенттиги.

Азия өнүктүрүү банкынын маалыматы боюнча, насыя үч транш менен берилет. Алардын экөө 70 млн доллардан, ал эми бири 25 млн доллардан турат. Долбоор тескери осмос технологиясын колдонуу менен заводду долбоорлоону, курууну, каржылоону жана андан ары иштетүүнү камтыйт.

Заводдун кубаттуулугу күнүнө 300 миң куб метр сууну түзөт. Эң жогорку керектөө мезгилинде 330 миң куб метрге чейин көбөйүшү мүмкүн.

Долбоор 25 жылдык мамлекеттик-жеке өнөктөштүк келишиминин алкагында ишке ашырылууда. Тузсуздандырылган суу “Ири шаарларды суу менен камсыздоо бириккен кызматына” бурулат.

Ишкананын негизги максаты - Баку жана Апшерон жарым аралын ичүүчү суу менен камсыздоонун сапатын жана ишенимдүүлүгүн жогорулатуу. Завод Азербайжандагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында ишке ашырылган деңиз суусун ири көлөмдөгү тузсуздандыруучу туңгуч жай болот.