Бишкек, 27.11.26. /Кабар/. Кытайдын түштүгүндө бажы органдары Шэньчжэнь чек ара бекетинен 21 тирүү жыланды аткезчилик жол менен алып өтүүгө аракет кылган жаранды кармашкан.
Казинформ билдиргендей, окуя Футьян чек ара бекетиндеги жүргүнчүлөрдү текшерүү залында болгон. Бажы кызматкерлери текшерүү аймагына декларация толтурбай кирген аялды токтотушкан.
Текшерүү учурунда инспекторлор аялдын эки бутуна скотч менен чапталган тизе жаздыкчаларын табышкан. Ар бир жаздыкчанын ичинде 21 тирүү жылан салынган үч кара байпак болгон.
Шэньчжэнь бажысынын жаныбарларды, өсүмдүктөрдү текшерүү жана карантин боюнча техникалык борборунун эксперттери кармалган рептилиялар аймакта жок келгин түр экенин аныкташкан.
Кытай бажы агенттиги Улуттук биологиялык коопсуздук мыйзамына жана жаныбарларды, өсүмдүктөрдү карантинге алуу мыйзамына ылайык, келгин түрлөрдү уруксатсыз импорттоого, чек арадан өткөрүүгө же жөнөтүүгө тыюу салынганын эскертти.