Бразилияда суу ташкынынан жана жер көчкүдөн 8 адам каза болду

Дүйнө
Бразилияда суу ташкынынан жана жер көчкүдөн 8 адам каза болду
copyright icon www

Кундуз Азарбекова

Бардык материалдар

Бишкек, 27.11.26. /Кабар/. Бразилиянын түштүк жана түштүк-чыгыш аймактарында катуу жааган жамгыр жана бороон-чапкындан улам кеминде сегиз адам каза болду. Арасында бир жашар бала бар, деп билдирет Синьхуа агенттиги.

Өлкөнүн жарандык коргонуу органдарынын маалыматы боюнча, Аргентина жана Парагвай менен чектеш Парана штатында алты адам каза болду. Дүйшөмбүдөн бери күтүүсүз суу ташкындары штаттын бир нече муниципалитетинде болжол менен 10 миң адамга зыян келтирди.

Сан-Паулу штатында 21 жаштагы аял жана анын бир жашар уулу жер көчкүдөн каза болушту. Алар үйдүн урандыларынын астында калышкан.

Акыркы эки күндүн ичинде бороон-чапкындар күтүүсүз суу каптоолорго, электр энергиясынын үзгүлтүккө учурашына алып келип, үйлөрдү, инфраструктураны зыянга учуратты.

Эль-Ниньо кубулушуна байланыштуу Бразилиянын түштүгүндө жогорку деңгээлдеги даярдык режими сакталууда. Ал Тынч океанында деңиз температурасынын аномалдуу жогору болушу менен мүнөздөлөт жана нормадан жогору жаан-чачынга алып келиши мүмкүн.

Буга чейин Бразилиянын түштүгүндө шамалдын ылдамдыгы саатына 114 чакырымга жеткен катуу бороон жүргөнү маалым. Ал турак жайлардын 93 пайызын талкалагандан кийин дээрлик 20 миң адам үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болгон.