Бишкек, 25.11.26 /Кабар/. Бразилиянын түштүгүндөгү Тупансиретан муниципалитетинде жүргөн катуу бороондон улам дээрлик 20 миң адам үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болду. Бороон үйлөрдүн 93 пайызын бузуп же талкалап, кеминде беш адам каза болгон. Дагы 265 адам жаракат алган. Бул туурасында Эл аралык миграция уюму билдирди.
Уюмдун маалыматы боюнча, бороондон болжол менен 8 миң үй жабыркаган. Калкы 20 миңден бир аз ашкан муниципалитеттен мажбур жер которгондордун саны 19 780ге жетти.
Бороон катуу жамгыр, мөндүр жана ылдамдыгы 114 км/саатка жеткен шамал менен коштолгон. Кырсык ошондой эле коммуналдык кызматтарды үзгүлтүккө учуратып, тургундарды электр энергиясы жана суусуз калтырды. Жергиликтүү ооруканага келтирилген зыян бейтаптарды коңшу муниципалитеттердин медициналык мекемелерине которууга мажбур кылды.
Бразилия бийлиги аймакта өзгөчө кырдаал жарыялады. Эл аралык миграция уюму калктын тарткан зыянын жана гуманитардык муктаждыктарын баалоо үчүн адистерди жөнөттү.