Анталия, 10.11.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев БУУнун Климаттын өзгөрүшү жөнүндө алкактык конвенциясына катышуучу тараптардын 31-конференциясына (COP31) катышуу үчүн Түркиянын Анталия шаарына иш сапары менен келди.
Министрлер кабинетинин төрагасын Анталия шаарындагы эл аралык аэропорттон Түркиянын расмий өкүлдөрү, Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев жана Кыргызстандын Анталья шаарындагы башкы консулу Бакыт Кадыров тосуп алды.
Белгилей кетсек, Анталья шаарында 9-20-ноябрь күндөрү БУУнун Климаттын өзгөрүшү боюнча 31-конференциясы (COP31) өтүүдө.
Министрлер кабинетинин төрагасынын Түркияга болгон сапарынын алкагында тоолорду коргоо, климаттын өзгөрүшүнө туруштук берүү жана өлкөлөрдүн биргелешкен каржылоосу маселелери талкууланмакчы. Ошондой эле “Тоо күн тартибин алдыга жылдыруу: мөңгүлөр жана криосфера, температуранын чектүү көрсөткүчтөрү ашып кеткен шартта туруктуулукту бекемдөө, биргелешкен жоопкерчилик жана туруктуу каржылоо” деп аталган жогорку деңгээлдеги сессияга катышаары күтүлүүдө.
БУУнун Климаттын өзгөрүшү боюнча 31-конференциянын күн тартибине таза энергетикага өтүү, азык-түлүк коопсуздугу, климаттын өзгөрүшүнө туруктуу шаарларды өнүктүрүү, жашыл индустриялаштыруу, калдыктарды кыскартуу, мөңгүлөрдү, океандарды жана деңиздерди коргоо, ошондой эле саламаттык сактоонун туруктуу системаларын өнүктүрүү маселелери кирген.
Түркияда алгачкы жолу өтүп жаткан COP31 конференциясына алты континенттен 95 өлкө лидерлери жана жети эл аралык уюмдун өкүлдөрү катышууда. Жалпысынан саммитке БУУнун Климаттын өзгөрүшү боюнча алкактык конвенциясына катышуучу 196 мамлекеттин, ошондой эле Европа биримдигинин өкүлдөрү чогулууда.
Аталган конференция Анталия шаарындагы 110 гектар аянтты ээлеген көргөзмө борборунда өтүүдө. Иш-чаранын алкагында 159 павильон жана делегациялар үчүн 90 кеңсе уюштурулганы маалымдалган. Алардын арасында Кыргызстандын улуттук павильону да бар.