Бишкек, 11.11.26. /Кабар/. Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Акыл Токтобаев эл аралык каржы институттарынын жетекчилери менен климаттык долбоорлорду каржылоо жана кызматташтыкты кеңейтүү маселелерин талкуулады.
Ведомстводон билдиришкендей, министрдин жолугушуулары Түркиянын Анталия шаарында COP31 конференциясынын алкагында өттү. Анда министр Climate Investment Funds (CIF) фондунун аткаруучу директору Тарие Гбадегесин, Адаптациялоо фондунун жетекчиси Микко Олликайнен жана Азия өнүктүрүү банкынын өкүлү менен жолугушту.
CIF менен сүйлөшүүдө Кыргызстандын климаттык демилгелерин колдоо, инвестиция тартуу жана тоо экосистемаларынын климаттын өзгөрүшүнө туруктуулугун жогорулатуу маселелери каралды.
Адаптациялоо фонду менен жолугушууда климаттык долбоорлорду каржылоо, анын ресурстарына жеткиликтүүлүктү кеңейтүү жана "Ала-Тоо" долбоору боюнча өтүнмөнү даярдоо маселелери талкууланды. Ошондой эле "Элдик Банк" ААКтын фонддун каражаттарына түз жетүүчү улуттук институт катары аккредитациялоо маселесине көңүл бурулду. Бул суу ресурстарын башкаруу, айыл чарбасы жана айыл аймактарын климаттык өзгөрүүлөргө ыңгайлаштыруу боюнча долбоорлорго грант тартууга шарт түзөт.
Ал эми Азия өнүктүрүү банкы менен "Мөңгүлөрдөн талааларга чейин" (From Glaciers to Farms — G2F) аймактык программасы талкууланды. Кыргыз тарап программанын алкагында улуттук инвестициялык пакетти биргелешип түзүүнү, ирригациялык инфраструктураны модернизациялоону жана гранттык, жеңилдетилген каржылоо инструменттерин пайдаланууну сунуштады.